05:01
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.08

УКМКнын төрагасы Эне жана баланы коргоо борборуна кызматтык унааларды тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборго мурда убада кылынган 10 кызматтык унааны тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалар оор абалдагы бейтаптарга жардам көрсөтүүдө нөөмөттүк бригадалардын ыкчамдуулугун жогорулатат.

Белгиленгендей, буга чейин Ташиевдин демилгеси менен борбордун 4 400 чарчы аянты 1995-жылдан бери биринчи жолу толук реконструкцияланып, жаңы асфальт, жарыктандыруу жана жашылдандыруу менен камсыздалган.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борборго республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар (эндоскопиялык УЗИ, видеогастроскоп жана башкалар) жана Тыналиев көчөсү менен бириктирген жаңы жол курулган.

Бул иш-чаралардын баары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана аялдар менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын көтөрүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар