16:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда саламаттыкты сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форум өтөт

26-27-июнда Кыргызстанда Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана илим министрлиги билдирди.

Астана шаарындагы (Казакстан) өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында министр Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы, доктор Ханс Клюге менен жолугушту.

Тараптар саламаттык сактоонун бир катар маселелерин, анын ичинде 26-27-июнда президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүүнү талкуулашты. Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана коңшу мамлекеттердин, ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдардын жетекчилери чакырылары айтылды.

Форумдун алкагында стратегиялык багыттагы тематикалык тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда, бул саламаттык сактоонун маанилүү көйгөйлөрүнүн инвестициялык аспектине, алдыңкы тажрыйбага, инвестициялоо багыттарына жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгындагы туура чечимдерге арналган.

Алымкадыр Бейшеналиев доктор Ханс Клюгеге бул инвестициялык форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ДССУ Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын колдоочу негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Уюм республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошууда.

Мындаш тышкары Кыргызстанда ДССУ менен дагы эки маанилүү биргелешкен иш-чара өткөрүлөт: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата жарыш жана Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин биринчи конгресси.

Эң көп окулган жаңылыктар