08:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Батукаевдин иши. Тергөөнүн Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүнө далилдери жок

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында, айыпталуучуну сотко мажбурлап алып келишти. Бирок процесс 6-декабрга жылдырылды. Тараптар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурашты. 

Адвокат Сергей Слесаревдун айтымында, Атамбаевдин ишинде күнөөсүн далилдеген эч кандай факт жок. «Протоколдо Шамил Атаханов эч кандай каршы көрсөтмө берген эмес деп жазылып турат. Кеп атайын операция тууралуу болгон, Атамбаев Батукаевдин лейкоз менен ооруганын билген эмес. Анын үстүнө тергөө Азиз Батукаевдин дени сак экенин, анын рак менен оорубай тургандыгын аныктаган далил бере алган жок», — деди жактоочу.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар