19:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кубанычбек Жумалиев: 2017-жылы декларация тапшырган эмес деген маалымат жалган

Депутат Кубанычбек Жумалиев Салык кызматынан өзү негиздеген (кош негиздөөчү) 33 фирманы жашырып койгон деген маалыматка карата билдирүү таратты.

«Мен бир нече жыл мурда дагы так ушундай маалымат жарыяланганда, авторлорго баарын тизмектеп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдиргем. Себеби ошол маалыматтын арты менен убагында катталып, бирок иштебей токтоп калган компаниялардын бар экенин аныктап, баардыгын жапканбыз, жашырылган эч нерсе жок. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандыгыма байланыштуу калган фирмаларды мыйзамга ылайык башка кишилерге өткөрүп бергем. Ошондуктан учурда бизнес менен алектенбейм», — деп жазган депутат.

Ал Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунда илимий жетекчи экенин, аспиранттары бар экенин айтып, буга мыйзам жол бере турганын баса белгилеген.

«Кубанычбек Жумалиев депутат болуп шайланганы 2 жолу гана декларация берген (2015-2016-жылдары), 2017-жылы маалымат берген эмес деп жазылыптыр. Декларация убагында тапшырылбаса мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы ар бир мамлекеттик кызматкерге маалым. Ошондуктан бул маалымат чындыкка дал келбейт. Декларация 2017-жылы, 2018-жылы дагы тапшырылгандыгын Салык кызматынан билип алышса болот», — дейт ал.

Ал өзү жөнүндө жазылып жаткан ушактар кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоого карата кээ бир адамдардын жүргүзгөн саясаты деп билет.

Эске салсак, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Салык кызматынан өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон 33 фирманы жашырып койгон. Баардык компаниялар Кыргызстандын аймагында каттоого алынганын Economist.kg жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума