USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кечээ футболдук беттеш маалында күйөрмандар эски аянты таза кармашты

10:06, 15 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ футболдук беттеш маалында күйөрмандар эски аянты таза кармашкан. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан билдиришти. 

«Кыргызстан менен Жапониянын мелдеши бүткөндөн кийин эски аянттагы күйөрмандар зонасы таза бойдон сакталды. Таштандыларды атайын челектерге ыргытышкан. Биз көп деле тазалап убара болгон жокпуз. Тазалык үчүн рахмат!», — деп жазат ишкананын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева.

Эске салсак, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика