07:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

АФК Кубогу. Кыргызстандын футбол клубунун атаандашы белгилүү болду

Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында АФК Кубогунун плей-офф раундунун чүчүкулак аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

«Абдыш-Ата» ата мекендик футбол клубу Борбордук зонанын чемпиону болуп, 2023-2024 АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты. Турнирдин бул этабында беш зонадан 11 команда ойнойт. Бүгүнкү чүчүкулактын жыйынтыгында «Абдыш-Атанын» интерзоналдык жарым финалда атаандашы Кытай Тайбэйинин «Тайчунг Футуро» футбол клубу болду», — деп айтылат маалыматта.

КФС
Фото КФС

ASEAN, Борбордук, Түштүк жана Чыгыш зоналарынын чемпиондору «үйдө жана конокто» форматында өтүүчү интерзоналдык жарым финалда ойнойт. Жеңүүчүлөр финалда беттешет.

Эскерте кетсек, интерзоналдык жарым финал оюндары 6-7 жана 13-14-март күндөрү 2024-жылы өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар