09:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Футболдук мелдеш. Соцтармакта эмнелер жарыяланууда?

Бүгүн жарым сааттан кийин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргызстандын курама командасы Жапониянын футболчулары менен беттешет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Учурда оюнга аз калганда жергиликтүү футбол күйөрмандары стадиондон орун алышууда. Буга чейин 18 миң орундуу стадиондо боло турган оюнга билеттер толук сатылып бүткөнүн Футбол федерациясы маалымдаган.

Билет сатып алууга үлгүрбөй калган күйөрмандарды Эски аянт күтөт. Анда орнотулган чоң экран аркылуу чогулгандар беттешти көрө алышмакчы. Мындан сырткары КТРК Спорт каналы дагы оюнду түз алып көрсөтөт. 

Азыркы тапта соцтармакта футболдун күйөрмандары Кыргызстандын курама командасына жакшы каалоо-тилек айтып, жеңиш кааалап жатышат.

Активист Мелис Аспеков «Алга Ак шумкарлар, самурайлардын кылычынан эч коркпогула, биз найзанын учунда, кылычтын мизинде жүргөн байыркы кыргызбыз!!!», -деп жазды «Фейсбук» баракчасына.

Мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаев «Башталууда» деп жазып, стадиондогу сүрөтүн жүктөдү.

Соцтармактын колдонуучулары «Билет барбы?», «Алга Ак Шумкарлар, артка жол жок!», «Жапондорго маданиятыбызды дагы көрсөтөлүк, тазалыкты сактагыла», — деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Бекнияз Таштанбеков аттуу колдонуучу «Кыргызстан утат, ааламдан кабар келип жатат дебейт го эч ким», -деп тамашалуу пост жазды. 

Чика Чика аттуу колдонуучунун баракчасынын алынды
Фото Чика Чика аттуу колдонуучунун баракчасынын алынды

Эске салсак, бүгүн саат 14:00дөн баштап Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынын Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки көчөлөрдө унаа кыймылы чектелди.

Бүгүн Жапонияга каршы ойной турган Кыргызстан курамасынын негизги оюнчулары төмөнкү тизмеде:

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби