08:15
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

Катар футбол боюнча Азия Кубогунун жеңүүчүсү болду

Катардын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунун жеңиүучүсү болду. Бул тууралуу чемпионаттын социалдык тармактардагы баракчасында кабарланды.

Финалда катардыктар Иордания курамасын 3:1 эсебинде пенальтиден жеңип алды.

Катар курамасы Азия Кубогун экинчи жолу катары менен утуп алды. Команда 2019-жылы өткөн чемпионаттын жеңүүчүсү болгон.

Эске салсак, Катарда өткөн Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасы тайпадан чыкпай, акыркы орунду ээлеген. Ал Сауд Арабиясына (0:2) жана Таиландга (0:2) утулуп, Оман командасы менен тең чыкккан (1:1).

Эң көп окулган жаңылыктар