05:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Азия Кубогу. Бүгүн Кыргызстан менен Таиланддын курамалары ойнойт

Катарда футбол боюнча Азия Кубогу 24 улуттук курама команданын катышуусунда өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Дохадагы «Абдулла бин Халиф» стадионунда Таиланддын командасы менен беттешет.

Башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 20.30да.

Кыргызстан — Таиланд беттешин иорданиялык Калыс Адхам Макхадмех тейлейт.

Күйөрмандар үчүн «Азия Молл» жана «Дордой Плаза» соода борборлорунда фан-зона уюштурулду.

Кыргызстанда футбол боюнча Азия чемпионатынын оюндарын «УТРК-спорт» телеканалы түз эфирде көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар