15:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Футбол. Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды

Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды. Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө жана экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө атаандаштар дарбазага топту киргизишип, эсеп 2:0 болду. 

Эске салсак, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

Кыргызстан 19-ноябрь күнү Тажикстандын курама командасы менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.



Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби