22:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Футбол боюнча Азия кубогу. Кыргызстандын курамасы плей-офф баскычына чыккан жок

КФС
Фото КФС

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кечээ, 25-январда Оман менен беттешип, тең чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Оюн 1: 1 эсеби менен аяктады. Тайпадан чыгуу үчүн Кыргызстандын командасы эки гол айырма менен жеңиши керек болчу.

Беттештин жыйынтыгында плей-офф баскычына Индонезия чыкты. Кыргызстандын курама командасы ойногон F тайпасынан андан ары Сауд Арабиясы менен Таиланд өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар