11:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Футбол беттешине байланыштуу Бишкекте жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бүгүн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында Кыргызстан — Оман оюнуна байланыштуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 14.00дөн 22.00гө чейин төмөнкү көчөлөрдү жабуу пландалууда:

  • Тоголок Молдо көчөсү -Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү- Тоголок Молдодон Панфиловго чейин.

Айдоочулардан маршрутту алдын ала пландаштырып, мындай чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранышат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы D тобуна кирет. Ал жакта Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман дагы бар. Беттеш бүгүн саат 19.00дө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар