05:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мурунку мэрлердин соту. Дагы бир айыпталуучуга тез жардам чакыртышты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук отурум маалында айыпталуучулардын бири, «АльтоГрупп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, тез жардам чакырууну суранды. Жактоочу анын кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтты. 

Судья Кубанычбек Касымбеков дарыгерлерди чакырууну суранды.

Эске салсак, бир жума мурун соттук отурум маалында Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртышкан.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар