11:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук отурум маалында Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды.

Айтымында, жүрөгү аритмия менен ооруйт. Судья Кубанычбек Касымбеков тыныгуу жарыялады.

Сталбек Өмүрканов «Калыс-Ордодогу» мектептин курулушу боюнча күнөөлөнүүдө.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар