14:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖЭБ боюнча сот. Салайдин Авазов ТВЕА менен иштешүү боюнча көрсөтмө алган

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору, айыпталуучу Салайдин Авазовду суракка алды.

Айыпталуучу Сапар Исаков ага «Электрдик станциялар» ААКга ТВЕАдан кат келет, ошого даяр тургула деп көрсөтмө бергенминби деп суроо берди. Салайдин Авазов көп нерсе эсинде жоктугун, бирок кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен болгону 3 жолу жолукканын айтты. Ал ТВЕА менен иштешүүгө көрсөтмө болгонун кошумчалады.

«Мен 6 жылдан бери системада иштей элекмин. Азыр иштин материалына шилтеме берип айттым. Биз таза иштегенбиз. Пара алмак тургай, өкүлдөрү менен түштөнүүгө да барган эмесмин. Мен кытайлар менен 3 жолу кезиккем. Эсимде ТВЕА менен иштешүү тууралуу көрсөтмө болгон, анткени алгач нотаны алганбыз. Кийин Сапар Исаков жыйын өткөргөн», — деди Салайдин Авазов.

Ал эгер ЖЭБди реконструкция кылбаса, эл тезек терип калмак.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар