19:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Салайдин Авазов документтин баардыгы туура түзүлгөнүн айтты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот айыпталуучу Салайдин Авазовду суракка алды.

Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деген айыпты четке какты. 

«Мен кол койгон документтердин баары туура түзүлгөнүн далилдей алам. Анда ЖЭБдин кызматкерлеринин баардыгын отургузгула. Мында Жолдошбек Назаровдун күнөөсү жок. Баардык документтерди коллегиалдуу түрдө талкуулаганбыз. Ага коюу тууралуу чечимди өзүм кабыл алгам», — деди Салайдин Авазов.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар