12:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айтмамат Кадырбаевдин кичүү инисин сабаганга шектелип дагы 2 жаран кармалды

Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин кичүү инисин сабаганга шектелип дагы 2 жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун 35 жаштагы тургуну М.Д. жана Алай районунун 28 жаштагы тургуну Б.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, көрсөтмө беришүүдө.

Бир версияга ылайык, кол салууну уюшкан кылмыштуу топтун Казак лакап аты менен таанымал мүчөсү Кмар Маратов уюштурган. Буга чейин ал «Талап-тоноо» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолгон.

Окуя 11-январда түн ичинде болгон. Улан Райымбековго «Народный» дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайдан кол салышкан. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучуну жерге жаткырып алышып, ур-тепкиге алышкан.

«Кол салгандардын саны көп. Күбөлөр 20 чакты киши болгонун айтышууда. Милиция алардын өздүгүн тактап жатат. Алты киши кармалды. Алдын ала маалыматка таянсак, кол салууну уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аты менен таанылган бир мүчөсү уюштурган», — деп айтылат маалыматта.

 
Эң көп окулган жаңылыктар