03:16
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 251 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 251 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 216сы жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 91и ооруканага жаткырылган, алардын 83ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 91 адам кайрылса, 46сы ооруканага жаткырылып, 45 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 42 адам кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар