19:13
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Рентген жана КТ жасоонун кереги барбы?

Коронавирус менен ооругандардын 80 пайызына өпкөсүн рентгенге тартып, компьютердик томография жасоонун кажети жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары пульманологу Талантбек Сооронбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул акчаны бекер сарптагандык, жана вирусту жугузуп алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. «Рентген менен томографияны симптомдор пайда болгондон алты күндөн кийин, дарыгердин жолдомосу боюнча жасатуу керек. Үйдө дарылангандар ПЦР-тестин бербей деле койсо болот. Оору жеңил өтсө, изилдөө жасоонун кажети жок», — деди ал.

COVID-19 жеңил түрдө өтсө, ооруканага баруунун кажети жок. «Ошондо сиз Саламаттык сактоо министрлигинин жүгүн жеңилдетесиз. Кезекке тургандар азайып, ооруканаларда бош орундар арбыйт. Чак-чалекей түшпөңүздөр», — деди Талантбек Сооронбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар