18:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Ооруган адамдын организминдеги антизаттар беш айга чейин сакталат

Нью-Йорктогу «Маунт Синай» медициналык борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп, айыкка адамдарда антизаттар болжол менен беш айга чейин сакталат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Science журналы жарыялаган.

Окумуштуулардын айтымында, ал заттар кайрадан ооруп калуудан сактап же вирусту алсыздата алат. Изилдөөгө коронавирусу тастыкталган 30 миңге чукул адам катышкан.

Буга чейин Лондондун Империя колледжинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооругандар кийин организмдеги антителолор бир нече айдын ичинде кайталап илдетти жугузуп алгандан сактабай турган деңгээлге чейин азайышы ыктымал. COVID-19 менен симптомсуз ооругандарда антителолордун деңгээли өзгөчө тез түшөрүн изилдөөчүлөр катташкан. Алар ошондой эле 75 жаштан улуу бейтаптарда антителолор бат жоголгонун аныкташты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума