19:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сезондук илдеттерден айыккан адамдарда COVID-19га иммунитет жаралышы ыктымал

Сезондук суук тийүүдөн айыккан адам көптөгөн коронавирустар, ошондой эле COVID-19ду дүүлүктүрүүчү SARS-CoV-2ге иммунитети жаралуусу мүмкүн. Мындай бүтүмгө америкалык окумуштуулар келип, изилдөө жыйынтыктарын mBio илимий журналына жарыялашкан. Бирок ал иммунитет канчалык эффективдүү болоорун окумуштуулар азырынча айта албайт.

«Коронавирус инфекциясынан сакайып чыккан 26 адамдын кан анализин иликтеп чыгып, көбүнүн канында В-клеткалар топтому бар экенин аныктадык. Ал клеткалар SARS-CoV-2ни таап чыгып, жана эң негизгиси — аны жок кылууга кудурети жетет», — дейт изилдөө авторлорунун бири Рочестсер университетинин профессору Марк Сангстер.

Алынган кан үлгүлөрүн окумуштуулар алты-жети жыл мурун дени сак адамдардан алынган үлгүлөр менен салыштырды. Мурдакыларында В-клеткалары бета-коронавирустардын баарын эстеп калып, аныктап чыгып, иштелип чыккан антителалардын жардамы менен алардын активдүүлүгүн басаңдатып тураары билинди. Демек, кайсы бир мегзилде суук тийгизип, айыккан адамдын В-клеткаларынын эс тутуму иштелип чыгып, адамды кийин коронавирус инфекциясынан сактап калышы мүмкүн деген бүтүмгө келишти окумуштуулар.

Бирок адамды коргоо үчүн канында андай клеткалардын саны канча болушу керек, жана алар дарылоо жыйынтыгына кандайча таасир тийгизээрин окумуштуулар аныктай албай койду. Изилдөөчүлөр учурда ушул маселелерди иликтөө үстүндө иштөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар