16:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар көбөйө баштады

Кыргызстанда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшү байкалууда . Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, сасык тумоо, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар жана коронавирус инфекциясы боюнча жума амониторинг жүргүзүлүп турат.

2023-жылдын 36-жумасында (4-сентябрдан 10-сентябрга чейин) республика боюнча 2 миң 842 учурда аталган инфекция катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу оорунун 30,4 пайызга өсүшү байкалган.

 Бейтаптардын 67,3 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (1,9 миң учур).

«Бул илдет туруксуз аба ырайынан келип чыгышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө алып келет. Ошол эле учурда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоң кишилер санитардык-гигиеналык чараларды сактабаган учурда өз балдарына жана башка үй -бүлө мүчөлөрүнө жугузушат», — деп белгилешет медиктер.

Сасык тумоонун алдын алуунун бир түрү-эмдөө болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар