13:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Максим Савосин: Бюджетке минимум 52 миллион сом салык түшпөй калат

Кара-Балта тоо кен комбинатынын кызматкерлери депутаттардан уран менен торийди казып алуу жана кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзамды кабыл алууда шашпай турууну суранышат. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиришти. 

Өндүрүш боюнча директордун орун басары Максим Савосиндин айтымында, мыйзам долбоору комбинаттын толугу менен жабылышына алып келиши мүмкүн. Комбинат 65 жылдан бери тынымсыз иштеп келет. Калдыктарды сактоочу жайда чогулган негизги калдыктар совет маалында эле пайда болгон.

«Азыркы техника калдыктардын минималдуу түрдө чыгуусун шарттайт. Бул аз өлчөмдөгү суу калдык сактоочу жайга төгүлөт. Ал бууланып кетет. Кара-Балта тоо кен комбинаты өз күчү жана каражаты менен калдык сактоочу жайдын абалын камсыздап келет. Акыркы 30 жылдан бери анын көлөмү көбөйгөн эмес», -дейт Максим Савосин.

«Уран менен торийди казып алуу жана кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзамдын авторлору өлкөгө пайда алып келебиз деп ойлоп жатышат. Демек, бюджетке минимум 52 миллион сом салык түшпөй калат», -дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар