15:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 94 бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө бир сутка ичинде 275 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 208и жаш балдар.

«Кайрылгандардын 104ү ооруканага жаткырылган, алардын 94ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 100 адам кайрылса, 50ү ооруканага жаткырылып, 50 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган, алардын 19у ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар