19:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Мурунку судья Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш иши боюнча мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага экс-судья Жапар Эрматов каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Алия Турумбекова билдирди. 

 Анын айтымында, Жапар Эрматов Индира Жолдубаева ага Азиз Батукаевди эгерде негиз боло турган болсо аны оорусу боюнча кое берүү тууралуу көрсөтмө бергинин билдирген. Бирок, мурунку судьянын кайсыл абоненттик номерден чалганы жана ошол маалда кайсыл номурду пайдалангандыгы эсинде жок.

«Судья кайсыл номурду пайдалангандыгым эсимде жок дейт, мындай болушу мүмкүн эмес. Мен Жапар Эрматов менен Индира Жолдубаева кайсыл номурларды пайдалангандыгын аныктоо үчүн сураныч жөнөттүм. Бул байланыштар болгонбу, аныкташ керек. Тергөө органдары муну аткарышкан эмес. Ошондой эле судья Эрматов психологиялык басымга тушукканын аныкташ үчүн псигологиялык экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүч жибердим. Бирок, тергөө менин суранычымды караган жок», -деди жактоочу.

Биринчи май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар уланууда. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар