21:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 274 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 274 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 204ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылгандардын 96сы ооруканага жаткырылган, алардын 86сы жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 79 адам кайрылса, 42и ооруканага жаткырылып, 37 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 46 адам кайрылган, алардын 18и ооруканага жаткырылды», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума