Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 33 жыл толду. 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон кийин, 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган.
Мындан туура 33 жыл мурда кабыл алынган Конституция өлкөбүздүн тарыхындагы жаңы доорду - эгемендүүлүк жана демократия жолун баштап берди.
Баш мыйзам бул аралыкта бир нече ирет өзгөрүүгө дуушар болду. Ѳлкөнүн башкы мыйзамы 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы 2006-жылы, соңкусу 2021-жылы өзгөртүлгөн. Референдумга жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун каалашкан.
Конституцияга президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майда кол койгон.

