11:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Ал буга чейин Алмазбек Атамбаев ага жүктөлгөн ролду ойнобой тургандыгын айткан деп эскертти. Алдын ала угаа 14-октябрга жылдырылды.

Белгилей кетсек, бүгүн сотко мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов чакырылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума