04:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Атамбаевдин иши. Журналисттерди соттун аймагына киргизишкен жок

Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум башталышы керек.

Процесске келген журналисттерди соттун аймагына киргизишкен жок.

Милиция бул аракеттин себебин түшүндүрө алышкан жок. Алар процесс жабык өтө турганын гана билдиришти. 

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума