15:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар