08:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча гана суракка алышкан

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча гана суракка алып, калган кылмыш иштери боюнча суракка алыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, кеп Кой-Таш айылындагы башаламандык, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо, жерлерди мыйзамсыз сатып алуу жана башка фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу болуп жатат.

«Иликтөө жүрүүдө, бирок Алмазбек Атамбаевге тергөөчүлөр келе элек. Суракка да чакырыша элек. Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп бербөө укугун пайдаланып жатат», -деди жактоочу.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар