13:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эртеңден тарта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

8-9-октябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар