07:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандык юрист БУУнун сыйлыгына татыды

Жарандыгы жок миңдеген адамдарга жарандык алып берүүгө көмөктөшкөн кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгына ээ болду.

Жыл сайын берилүүчү бул сыйлыктын быйылкы лауреатын агенттик 2-октябрда жарыялады. БУУнун 150 миң долларлык бул сыйлыгы 7-октябрда Женева шаарындагы атайын аземде тапшырылат.

Быйыл июль айында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калган. Азизбек Ашуров жана анын «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» аттуу уюму документи жана жарандыгы жок адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келген.

БУУнун Качкындар агенттиги билдиргендей, Ашуров жана анын командасы Советтер Союзу ыдырагандан кийин жарандыгы жок калган 10 миңден ашуун адамдын Кыргызстандын жарандыгын алышына көмөктөшкөн.

Бул сыйлык Бириккен Улуттар Уюмуна чейин түзүлүп, толук иш жүргүзө албай калган Улуттар Лигасынын качкындар боюнча биринчи комиссары, норвегиялык изилдөөчү Фритьоф Нансендин (1861-1930) ысымын алып жүрөт. Былтыр бул сыйлык качкындарга медициналык жардам көрсөткөн түштүк судандык дарыгер Эван Атар Адахага ыйгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума