13:38
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Эртең өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт

Эртең Кыргызстандын айрым аймагында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22 градус, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19, Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18 градус жылуу болот.

4-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10°, күндүз 20...22° жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар