03:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысынын баш коргоо чарасы узартылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагында 9-декабрга чейин кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Жактоочулар бул чечимге карата Бишкек шаардык сотуна кайрылышабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Кечээ сот Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — Фархад Баабиев, Алга Кылычов жана Кыяз Смаиловду дагы 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар