18:48
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектеби 48 миллион сомго оңдолду

Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектеби 48 миллион сомго оңдолуп, жаңы эмеректер менен жабдылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда айтылды.

Эске салсак, 2018-жылы 28-майда тармактык комитет спорт мектепбинин абалы менен таанышкан. Анда депутаттар окуу корпусу, жатаканасы, спорт комплексинин абалы өтө начар экенине, курулгандан бери капталдык ремонттон өтпөгөнүнө, спорттун инвентарлардын эскилигине күбө болушкан.

Балдардын тамак-ашынын сапатын жакшырытуу, мугалим-машыктыруучулардын эмгек акысын кайра кароо боюнча маселе көтөрүлүп, аткаруу бийлигине спорт окуу жайына керектүү каражат бөлүнсүн деген талап койгон. Бюджеттен 48 миллион сом бөлүнүп, имараттарынын 80 пайызы оңдолду.

Депутат Максат Эгембердиев бир баланын күнүмдүк тамагына 213 сом бөлүнөрүн айтып, суткасына 5 саат машыккан спортчу үчүн жетиштүү эмес экендигин баса белгиледи. «Жок эле дегенде 326 сомго чыгарыш керек. Бирок былтыр биз келип эскертүүлөрдү бергенден кийин тамак-ашынын сапаты бир топ жогорулатыр», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар