11:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мээрим Жуманазарова аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кечээ аялдар күрөшү боюнча юниорлор арасында дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 68 килограмм салмак ченинде ат салышты. Ал Украина, Орусия, Канада жана АКШнын балбандары менен беттешип, финалда Жапониядан келген спортчу менен күрөштү.

Дүйнө чемпионаты 12-августтан бери Эстонияда өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар