14:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте теннис боюнча Bishkek Open −2 эл аралык мелдеши өттү

Борбор калаада 28-майдан 2-июнга чейин теннис боюнча Bishkek Open — 2 эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңиш үчүн Египет, АКШ, Франция, Чехия жана Швейцария баштаган 13 өлкө ат салышты.

Жалгыз категория боюнча өзбекстандык Бекзод Расаматов жана орусиялык Екатерина Хайрутдинова чемпион аталышты. Ал эми жуп категория боюнча чехиялык Александр Колижев менен Борис Штястны жана казакстандык Карина Ризванова менен София Сохецкая чемпион болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар