18:47
USD 84.57
EUR 102.88
RUB 1.18

Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды

Кыргызстандык Дарья Маслова Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине машыктыруучу Виктор Борисов билдирди.

Мелдеш 29-августта Минскте өттү. Аялдар арасында 10 миң метрге чуркоо боюнча 9 спортчу катышты. Дарья Маслова аралыкты 32 минута 21 секундда чуркап өттү.

Эске салсак, июлда Дарья Маслова Беларус кубогунда жеңүүчү аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар