07:26
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кыргызстандык балбандар дүйнөлүк чемпионатка катышат

Кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын намысын 25 балбан коргойт.

Кошумчпалай кетсек, дүйнө биринчилиги 29-июлдан 4-августка чейин Болгарияда өтөт.

«Спортчулардын дүйнө биринчилигине катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн», -деп айтылат маалыматта.


Эң көп окулган жаңылыктар