17:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте экстремалдык көчө спортунун түрү боюнча мелдеш уюштурулду

Бишкекте экстремалдык көчө спортунун түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Иш-чара Спорт ордосунун артында жайгашкан эски бассейиндин ордунда өттү. 

Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири «Борбор Азия» киностудиясынын башкы директору Бектемир Мамаюсуповдун айтымында, аталган спорттун түрү менен машыккан балдар бассейиндин аймагын ирээтке келтирип, темирлер менен куруп чыгышкан.

Контест — бул велосипед, скейтборд, ошондой эле брейк-данс сыяктуу экстремалдуу көчө спорту боюнча мелдеш. Бул жолу контесттин катышуучулары велосипед менен ар кандай трюктарды аткарышты. 

«Бул негизи олимпиадалык спорттун бир түрү. Өнүккөн мамлекеттерде, анын ичинен АКШда үстү жабылган жана бүт шарты камтылган скейт-парктар курулган. Ал жакта кызыккандар мектептерде машыгышат. Мындан улам дүйнөлүк чемпиондор чыгат. Биздин азырынча эски бассейндин ордунан башка машыгууларды, мелдештерди өткөрө турган жайыбыз жок. Бул жакта жыгылып, жаракат алуу коркунучу бар. Биздин максат- көпчүлүктүн, айрыкча бийликте отурган аткаминерлердин көңүлүн буруп, үстү жабык скейт-парк курдуруу. Мында таланттуу балдар абдан көп, бирок шарт жок, мектеп жок», -деди Бектемир Мамаюсупов. 

Кошумчалай кетсек, контестке катышкандардын арасында коңшу Казакстанга барып биринчи орунду камсыздагандар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар