12:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Мьянманын командасын жеңди

Кыргызстандын курама командасы Мьянманын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Instagram баракчасында футзал ассоциациясы билдирди.

Белгилей кетсек, оюн Таиландда өтүүчү Азия кубогунун финалдык раундуна даярдык көрүүнүн алкагында болду.

Бангкокто Кыргызстандын курама командасы 3: 1 эсебинде жеңишке жетти.

Голду Шохрух Махмадаминов, Максат Алимов жана Абдурахим Данияр уулу киргизди.

Азия кубогу-2024 17-28-апрелде Бангкок (Таиланд) шаарында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар