12:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте «Спорттук шаарчанын» курулушу үчүн 12 гектар жер аянты бөлүнөт

Бишкекте «Спорттук шаарчанын» курулушу үчүн 12 гектар жер аянты бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн 2019-жылдын 6-сентябрдагы № 454 буйругунда айтылат.

Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу «Спорттук мекемелер жана камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесине «Бишкек штамп» заводунун чарбалык карамагындагы жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Жер аянты Чыңгыз Айтматов проспектиси, 86/2 (идентификациялык номери 1-04-17-0015-0088) дарегинде жайгашкан.

Мэрияга болсо көрсөтүлгөн жер аянтынын жанынан дагы 18 гектарды бөлүп берүү сунушталды.

«Спорттук шаарчынын» курулушу менен мамлекеттик курулуш агенттиги алектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар