23:52
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Пенсияны көбөйтүү үчүн 659 миллион сом керек

 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  пенсиялардын жана салынган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7 пайыздан 18пайызга чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү орточо 10,4 пайызды түзөт.

Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5 миң 820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 миллион сом талап кылынат. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен – 67,3 миллион сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен – 592 миллион сом керек. 

Эң көп окулган жаңылыктар