22:52
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Жалал-Абадда баңгизат менен кармалышты

АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Жалал-Абадда баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Ыктыярчылар марихуананы такси менен алып бара жатышкан. 19-сентябрда милиция Бишкек-Ош жолунан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаада жүргүнчү катары АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары, АКШнын жарандары Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин бара жаткан. Алар шек жараткандыктан унааны тинтүүгө алышкан. Анда 1 килограмм 26 грамм салмактагы баңгизаты табылган.

Йии Дэниел Джеймс күнөөнү мойнуна алып, баңгизат өзүнө таандык экенин айтты. Укук коргоочулар аны Токтогул райондук сотунун чечими менен Жалал-Абаддын тергөө абагына 2 айга камап коюшту. Павел Девяткинди кое беришти.

Окуядан кийин бул ишке АКШнын элчилиги кошулду.

Белгилей кетсек, кармалган жаран 2017-жылдын августунан бери Аксы районундагы Кулназаров атындагы № 56 орто мектепте англис тилинен сабак берип иштеп келген. Тынчтык корпусу Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында англис тили мугалими болуп 1000ге жакын ыктыярчы келген. Учурда облустарда 70ге жакын ыктыярчы эмгектенүүдө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар