USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу атышуу фактысы боюнча тосмо арыз жазды

09:21, 26 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу районунда  жарадар болгон ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу атышуу фактысы боюнча тосмо арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди. 

Маалыматка караганда, жабырлануучу Оштогу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевге карата доосу жок экенин билдирген. Тосмо арыздын негизинде кылмыш иши токтотулушу мүмкүн.  

Социалдык тармактарда жабырлануучунун видеоинтервьюсу жарыяланып, анда Кылычбек Саркабаев күнөөлү эмес деп айтылат. 

Эске салсак, Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышууда ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу бутка ок жеген. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика