04:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусиянын жарандарынан акча уурдаган шектүүлөр кармалды

Бишкекте Чүй ОИИББнын кызматкерлери Орусиянын жарандарынан акча уурдаган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Кармалгандар Ысык-Ата РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар 41 жаштагы К.К. жана 47 жаштагы С.А. болуп чыкты. Шектүүлөр УКМКнын кызматкерлери эмес. Сотко чейики өндүрүш башталды. 

Эске салсак, милицияга Орусиянын жарандары кайрылып, Бишкек-Торугарт унаа жолунан унаасын токтотуп, УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырган соң 10 миң рубль акчасын уурдап кеткендерин айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар