01:27
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Сокулукта баалуу буюмдар салынган сейфти уурдагандар кармалды

Ыкчам иликтөө кызматкерлери уурулукка шектелген 4 адамды кармашкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

7-январда Бишкектин Береговая көчөсүндө жайгашкан кеңсеге белгисиз адамдар кирип, сейфти бузуп, 40 миң сомун, 280 миң сомдук алтын буюмдарын жана 600 миң сомдук коллекциялык тыйындарды алып кетишкен. Аталган факты боюнча Свердлов РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси боюнча иш козголгон.

Шектүүлөрдүн бири 30-январда Сокулук айылында кармалган. Атайын бөлүктүн кызматкерлери жана ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү турган унааны токтотуп, унаадан сүйрөп чыгарышкан. Анын үч шериги да кармалган. аттуу 21 жаштагы Б.Н., 20 жаштагы К.Б., 54 жаштагы Б.Р. жана 42 жаштагы К.А. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар