12:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалпы баасы 40 миң долларлык зер буюмдарды уурдаган шектүү колго түштү

Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен жалпы баасы 40 миң долларлык зер буюмдарды уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Окуя 2019-жылдын 22-июлунда болгон.

Маалыматка караганда, 22-июлда Ленин РИИБине Т.Б. аттуу тургун кайрылып, белгисиз бирөөлөр үйүнө уурулукка киргенин айткан. Шектүүлөр терезе аркылуу үйгө кирип, бриллиант менен кооздолгон кол саатты, баалуу таштарды жана 11 алтын буюмду алып чыгып кетишкен. Чыгымдын жалпы суммасы 40 миң долларды түзгөн.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесстрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган кылмышка шектүү жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар