11:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө велосипед уурдап жүрүшкөн шектүүлөр кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Ново-Павловка жана Гавриловка айыл аймактарында велосипед уурдап жүрүшкөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айынан бери Сокулук РИИБге бир нече жаран уурулук фактысы менен арыз жазып кайрылган.

«Фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуяга шектүү катары З.С жана Ч.Н. аттуу 18 жаштардагы жигиттер кармалды. Алардын бири тергөө аяктаганга чейин камакка алынды», — деп жазылат билдирүүдө.

Шектүүлөр дүкөндөрдүн кулпусун талкалап, ал жактан акча жана товарларды уурдап жүргөнү дагы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар